Украинанын прокуратурасы Саакашвилиге издөө жарыялоону суроодо

745

Украинанын Башкы прокуратурасы полициядан Грузиянын мурдагы президенти, “Жаңы күчтөр кыймылынын” лидери Михаил Саакашвилиге издөө салууну сурады. Бул тууралуу украин көзөмөл органынын расмий өкүлү Андрей Лысенко билдирди.

Шейшембиде Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко Жогорку Радада сүйлөп жатып, полиция тарабынан кармалып, тарапташтары тарабынан бошотулган Саакашвилинин “качкын”макамы бар экенин айткан. Луценко эгер Саакашвили 24 сааттын ичинде өзү багынып бербесе, тартип коргоо органдары аны кармоо үчүн бардыгын кылууга даярдыгын белгилеген.

Украина бийлиги Михаил Саакашвили мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аракетине жана каршылык акциялары үчүн Януковичтин Орусияга качкан өнөктөшү, бизнесмен Сергей Курченкодон 500 миң доллар алууга айыптоодо.

Украина бийлигинин айыптоолоруна мурдагы президент Виктор Янукович жооп кайтара элек. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Украинадагы окуяларга «кызыгуу менен көз салып» жатканын белгилеп, Киев менен Саакашвили кайрадан элди таң калтырып жатат, деп айтты.

5-декабрда Украина коопсуздук күчтөрү анын Киевдеги батиринде тинтүү жүргүзүп, андан көп өтпөй Саакашвилини 8 кабаттуу үйдүн чатырынан кармашкан.

Коопсуздук кызматкерлери грузин саясатчысын чатырдан араң түшүрүп, күчтөп жатып унаага киргизишкен эле. Анын «Миша!», «Импичмент!», «Уят!» деп кыйкырган тарапташтары коопсуздук кызматынын автоунаасынын жолун тороп, Саакашвилини жоон топ тартип коргоо кызматкерлеринин колунан сууруп кетишкен.

Саакашвили башында турган «Жаңы күчтөр кыймылы» үч күн мурда Киевде президент Петро Порошенконун импичментин талап кылган чоң митинг өткөрүп, ага миңдеген жарандар чыгышкан.