Укук коргоочу соттордун ишин көзөмөлгө алууга чакырат

1480

Мыйзамсыз чечим чыгарган судьялар жоопкерчиликке тартылышы керек. Бул боюнча юристтер президентке кайрылышты. Чолпон Жакупова жөнөткөн ачык катта, соттордун ишине көзөмөл жок болуп жатканы айтылат.

Мисал катары, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин укук коргоочу менен журналисттерге карата жазган доо арызы боюнча каралган иш келтирилген. Анда тең укуктуулук принциби одоно бузулуп, айыпталып жаткан тараптар келтирген далилдерге юридикалык баа берилген эмес, дейт Жакупова.

Судьялар жыйынга Атамбаевди чакыруу өтүнүчтөрүн негизсиз четке кагышкан. Бул иштеги маанилүү маселе башкы прокурордун процессуалдык статусу аныкталбагандыгы болгон. Ал эми жарым ай мурда эле Конституциялык палата «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери» жөнүндөгү мыйзам конституцияга каршы келет деп таап, башкы прокурор өлкө башчысынын уруксаты жок анын атынан доо арыз жазып, компенсация талап кыла албайт деген чечим чыгарды.

Демек, соттор мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди коргоп чыккан башкы прокурордун арызын канааттандыруу менен конституцияга каршы чечим кабыл алганы аныкталды, дейт юристтер. Бул боюнча Чолпон Жакупова Октябрь райондук сотунун судьясы менен башкы прокуратуранын кызматкерине каршы арыз менен соттор кеңешине кайрылган. Бирок азырынча эч кандай жыйынтык жок.

Муну менен алар Конституциялык палатанын чечимин тоготпой жатат. Бул өтө кооптуу көрүнүш, деп айтылат кайрылууда. Мындан улам, укук коргоочу президенттен бул ишти көзөмөлгө алууну суранат.

Бул тууралуу кеңенирээк маалыматты НТС жаңылыктарынан көрө аласыздар.