Укук коргоочулар жооп кайтарышты (видео)

723

АКШнын Мамлекеттик департаментинин саясий туткундар боюнча докладына «Кыргызстандын саясий туткундарын коргоо» комитетинин өкүлдөрү нааразы. Аталган бирикеменин жетекчиси Сапарбек Аргымбаевдин айтымында, ал маалыматта учурда түрмөдө жаткан бир топ саясатчылар көрсөтүлбөй калган. Бирок ошол эле учурда, ал тизмеге «коррупция» беренеси менен соттолуп жаткан шектүүлөр киргизилген.

Белгилей кетсек, АКШнын Мамлекеттик департаментинин адам укуктары боюнча бюросу жылына отчет берет. Бул сапар ал докладда кыргызстандык 4 саясатчы саясий куугунтукка кабылгандар катары көрсөтүлгөн. Бирок аны менен кыргызстандык укук коргоочулар толук макул эмес.