Улак тартыш: удаа келген өлүмдөр (видео)

2717

Улак тартыш оюндарынан соңку аптада эки адамдын өмүрү кыйылды. Ош шаарында 12 жаштагы баланы ат тебелеп кетип кайтыш болгон. Бирок каза тапкан өспүрүмдүн туугандары кырсыкка себепкер оюнчуга каршы арыз жазуудан баш тартышкан. Жыйынтыгында, бул окуя кокустук деп табылып, кылмыш иши козголгон эмес. Ал эми Бишкекте бир улакчы тоңуп турган муз жарылып, түшүп кетип каза болду. Оюндун кызыгына баткан атчандар, аны кеч байкашкан. Бул окуялар Көк бөрү оюнунда коопсуздук эрежелерин иштеп чыгуу керек деген пикирлердин келип чыгышына түрткү болду. Учурда Улуттук спорт оюндары дирекциясы бул жаатта иштеп жатыптыр.