Уланбек Азыгалиев: «Бишкектеги 96 май куюучу жайдын 40 гана калышы керек»

600

Калган 57 станциянын 42 өрт коопсуздугуна, 15 шаардын башкы планына туура келбейт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиев шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиянын жыйынында айтты.

Ал талапка жооп бербеген май куюучу жайларды жабуу боюнча кандай аракеттер көрүлө турганын да билдирди.

Биринчиден, мындай жайлардын ижара мөөнөтү узартылбайт жана ал объект түрттүрүлүп же шаардын четине чыгарылат. Алардын ордуна башкы планда каралган нерселер курулат. Бул боюнча сот жана прокуратура органдары тарабынан иштер аткарылат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.