Уланбек Эгизбаевдин эки бутундагы тактардын чоо-жайы текшерилүүдө

704

Журналист Уланбек Эгизбаевдин эки бутунда байкалган тактардын чоо-жайын соттук-медициналык экспертиза текшерүүдө. «Азаттык» билдиргендей, маркумдун сөөгү экспертизага 23-июлга караган түнү жакындарынын өтүнүчү менен жиберилген. Сөөктү ачууга «Азаттыктын» кабарчысы Токтосун Шамбетов жана маркумдун досу Каниет Жыргалбеков катышкан. Алар Эгизбаевдин бутундагы тактарды Чолпон-Атадан эле байкап, аны милициянын протоколуна коштурганын билдиришти.
Ошондой эле, бутттагы тактарды Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаев да көргөндугу айтылууда. Азырынча экспертизанын толук тыянагы чыга элек. Буга чейин Соттук-медициналык экспертиза борбору жүргүзгөн иликтөөнүн баштапкы жыйынтыгында журналист «чөгүп өлгөнү» кабарланган.
Эске сала кетсек, Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Ал Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп, башка эс алуучулар тарабынан жээкке чыгарылган. Бүгүн Кочкордо «Азаттыктын» журналисти акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева баштаган саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер катышты.