Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган сынак жарыяланды

2434

Кыргызстандагы «Адилет» укуктук клиникасы «Азаттыктын» кабарчысы, маркум Уланбек Эгизбаевдин жаркын элесине арнап, студенттер арасында сынак жарыялады. Маалыматка караганда, сынак Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда журналистика адистиги боюнча билим алып жаткан студенттер арасында сөз эркиндигинин чектелиши жана эркин ой билдирүү темасында өткөрүлөт.

Анын максаты — сөз эркиндигинин азыркы абалына кайдыгер карабаган, келечекте журналистиканын өзгөрүшүнө, коомдун, өлкөнүн өнүгүшүнө оң салым кошууну көздөгөн жаштарды шыктандыруу.

Сынакка материалдар буга чейин жарыялангандай 15-июлга чейин эмес, 1-сентябрга чейин кабыл алынат. Бул убакыттан кечиккен материалдар каралбайт. Мыкты материалдарды тажрыйбалуу журналисттер, медиаэксперттер жана юристтерден турган комиссия аныктайт. Макаласы «мыкты» деп табылган автор 34 500 сом сыйлык алат. Сынакка катышууну каалагандар сөз эркиндиги, эркин ой билдирүү, цензура, журналисттерди куугунтуктоо багытында маалыматтык-аналитикалык материал (эссе, очерк, видео жана башка) даярдашы зарыл.

Кыргыз жана орус тилинде жазылган материалдар b.osmonbaev@gmail.com дареги аркылуу же «Адилет» укуктук клиникасынын кеңсесинде электрондук түрдө кабыл алынат. ​