Уланбек Эгизбаевдин сөөгү 24-июлда жерге берилет

653

«Азаттыктын» кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин сөөгү 24-июлда өзү туулган Кочкор районунун Көк-Жар айылында коюлат. Журналисттин тажиясы саат 10.00дө болот.

Бүгүн «Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинде Уланбек Эгизбаевди эскерүү жыйыны өттү.

Бишкектеги соттук-медициналык экспертиза борбору журналист Уланбек Эгизбаевдин сөөгүнө жасалган экспертизанын баштапкы жыйынтыгын чыгарып, анын өлүмүнүн себебин «чөгүп өлүү» деп тапты. Бул тууралуу экспертизанын корутундусунда айтылат.

Курч иликтөөлөрү менен элге кеңири таанылган Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлгө эс алууга барган жеринен сууга чөгүп каза болду. Анын сөөгү кечээ жакындарынын өтүнүчү менен дароо соттук-медициналык экспертизага жиберилген.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналист кырсыктаган «Акун” пансионатына тергөөчүлөр тобу жөнөтүлгөнүн жана окуя көзөмөлгө алынганын билдирди.