Уланбек Рыскулов кызматынан бошотулду

1051

Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Уланбек Рыскулов өзү жазган арызга ылайык жумуштан кетти, деп айтылат президенттин расмий сайтындагы маалыматта. Бул кызматка чейин ал геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, андан кийин комитеттин төрагасынын орун басары болуп 3 жыл иштеген.

Былтыр август айынан баштап Уланбек Рыскулов Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин жетектеп келген.