Уландын иши уланат (видео)

818

Маркум журналист Улан Эгизбаевдин атындагы Журналисттик иликтөөлөр фондунун расмий бет ачары болуп өттү. Бул иш-чарага журналисттер, саясатчылар, коомдук бирикмелердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Фонддун өкүлдөрүнүн айтымында, ал Кыргызстандагы иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкерелөөчү демилгелерди колдоо багытында иш жүргүзөт.

Бул үчүн өлкөдөгү эң актуалдуу жана орчундуу маселелерди иликтөөгө багытталган долбоорлорго сынак жарыялап, аларды жүргүзүүгө каржылык колдоо көрсөтөт. Ошондой эле фонд иликтөөчү журналисттерге жылына бир жолу ыйгарылчу “Уланбек Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөө сыйлыгын» дагы негиздеди. Эске салсак, курч иликтөөлөрү менен элдин эсинде калган журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда сууга чөгүп каза тапкан.