Улуттар аралык мамилени козутуу — элге каршы аракет! (видео)

825

Саясий аттандаштарын каралоо үчүн улуттар аралык мамилени козутууга баргандар коомчулукта катуу сынга алынууда. Бүгүн бир катар коомдук ишмерлер маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттерди да, президенттик шайлоого аттанып жаткан талапкерлерди да, маалыматты бурмалабаганга чакырышты. Себеби мындай аракеттин кесепети оор болушу ыктымал. Эки ирет улуттар аралык жаңжалды башынан кечирген мамлекетте элдин жараатын сыйрыбаш керек, — дешет басма-сөз жыйындын катышуучулары.