Улуттук банк: 6 айдын ичинде Кыргызстандан $247,5 млн сыртка которулган

691

Жыл башынан бери Кыргызстандан башка өлкөлөргө которулган акчанын көлөмү рекорд койду. Эсептөөлөр боюнча, 14 жылдын ичинде каражаттын агымы 20 эсе өскөн. Быйыл 6 айдын ичинде эле Кыргызстандан 247,5 миллион доллар сыртка которулганы маалым болду. Бул тууралуу Улуттук банкттын маалыматында айтылат.

Мында акча которуу системасын колдонуп транзакция жүргүзгөн жеке тараптар тууралуу сөз болуп жатат. Улуттук банк тараткан билдирүүдө мониторинг 2005-жылдан бери жүргүзүлүп, бул убакыттын арасындагы рекорддук көрсөткүч экени айтылат. Бирок акча которуудагы өсүүнүн себептери көрсөтүлгөн эмес. Буга чейинки рекорд 238 миллион долларды түзүп, былтыр катталган экен.

Салыштыра келсек, акча эң аз которулган мезгил 2005-жылдын биринчи жарым жылдыгына туура келген. Анда болгону 12 миллион доллар сыртка чыккан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.