Улуттук банк бир катар акча алмаштыруучу жайларын айыпка тартты

900

Ош областынын Кара-Суу районундагы, Ош шаарындагы жана Талас областынын Манас районундагы акча алмаштыруучу жайларга жалпысынан 400 миң сом айып салынды. Анда акча алмаштыруучу жайларды иштеткендердин үчөөнүн атайын уруксат кагазы жок болсо, бирөө банк мыйзамдарын бузгандыгы аныкталган.

Белгилей кетсек, каражат менен иштеген мекемелерге былтыр жаңы тартип эрежелери киргизилген. Ага ылайык акчалай айып дээрлик он эсе көбөйтүлүп, штрафтын өлчөмү 100 миң сомго жеткирилген. Мындай чара мыйзамсыз иш алып барган акча алмаштыруучу жайлардын көбөйүп кеткенинен улам кабыл алынган.