Улуттук банк Финансылык чалгындоо кызматынын аракетине комментарий берди

957

Банк кардарларынын эсеби, уячалары тууралуу маалыматты берүү банктык сыр жөнүндөгү мыйзамга каршы келет. Улуттук банк Финансылык чалгындоо кызматынын аракетине комментарий берди.

Белгилей кетсек, аталган мекеме бардык коммерциялык банктарга кайрылып, эсеп, уяча ээлери тууралуу маалыматты сураган.

Бирок Улуттук банк: финансылык мекемелер кардар жүргүзгөн банктык операциялар, алардын аманаты, эсеби тууралуу маалыматты ачыктоого укугу жок деп билдирди.

Мындай маалыматтарды алуунун өзүнүн тартиби бар. Алсак, 131-беренеге ылайык, чалгындоо кызматы кайсы кардардын, кандай маалыматына жана ага эмне максатта кызыгып жатканын толук жазып, муну укуктук негизде бекемдеши керек.

Эгер бул тартиптер аткарылбаса, банк маалымат берүүдөн баш тартууга укуктуу. Андыктан Финансылык чалгындоо кызматынын банктардын бардык кардарларынын эсеби, уячалары тууралуу сураганы мыйзамга толук жооп бербейт, деп айтылат Улуттук банктын билдирүүсүндө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.