Улуттук банк кезектеги интервенция жүргүздү

919

Доллар кымбаттап жатканына байланыштуу, Улуттук банк кезектеги интервенция жүргүздү. Финансылык мекеме 10 миллион 850 миң долларды сатыкка чыгарды. Улуттук банк акыркы бир жарым айдан бери интервенция жүргүзө элек болчу.

Бирок, доллар кечээ сатыкка чыгарылганы менен азырынча АКШ валютасы арзандай элек. Учурда акча алмаштыруу жайлары 69 сом 70 тыйындан алып, 69 сом 90 тыйындан сатууда.

Улуттук банктын көрсөткүчү боюнча доллар бир суткада 60 тыйынга кымбаттаган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.