Улуттук банк өлкөнүн валюта рыногуна 20 млн доллар сатыкка чыгарды

755

Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтында жарыяланды. Буга акыркы күндөрү АКШ долларынын наркы кымбаттап баратканы себеп болду.

Учурда 1 доллардын баасы 70 сомго жетти. 3 күн мурда эле, ал 68 сом 54 тыйынды түзүп турган. Кыргызстанда валюта курсу эркин жана суроо-талаптын негизинде түзүлөт.

Эске салсак, август айынын башында да доллардын баасы жогорулап, анда Улуттук банк сатыкка 19 миллион доллардан ашуун чыгарган.