Улуттук банк валюта базарына 5 миллион долларды сатыкка чыгарды

895

Улуттук банк бул айда сегизинчи жолу интервенция жасап, өлкөнүн валюта базарына 5 миллион долларды сатыкка чыгарды. Жалпысынан алганда, ноябрь айынын башынан бери Улуттук банк 38 миллион доллар интервенция кылды. Буга акыркы күндөрү АКШ долларынын курсу көтөрүлүп баратканы себеп болууда. Учурда бир доллардын наркы 69 сом 70 тыйын.

Айрым адистер бул сезондук көрүнүш экенин белгилешүүдө. Буга чейин 2015-жылы ноябрь айында доллардын наркы Кыргызстанда эң жогорку чекке 75 сомго чейин барган. Айрым акча алмаштыруу пункттарында бул көрсөткүч 80 сомго чейин жеткени байкалган.

Бир топ аракеттерден кийин, АКШ долларынын баасы арзандап, 67 сомго чейин төмөндөгөн. Бирок быйыл жай айларынан тарта анын курсу кайрадан көтөрүлө баштады.