Улуттук банктын төрагасынын үй сатып алууга чамасы жетпейби? (видео)

934

200 миң сомдон ашуун айлык алган Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун өз акчасына үй алууга чамасы жетпейби? Өлкөнүн башкы банкири 5,5 миллион сом турак-жай ссудасын алып, анын 4 миллион 800 миң сомун төлөгөн эмес. Калган сумманы Улуттук банк кечип койгон. Бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, Башкы прокуратура бул канчалык мыйзамдуу экенин текшериши керек деген талаптар айтылды.

Эгерде бул мыйзамсыз деп табылса, ал акчаны кайра мамлекетке кайтарып алуу керек деген пикирлер айтылууда. Ал эми Улуттук банктын өкүлдөрү өз кызматкерлерин турак-жай менен камсыздоо боюнча атайын жобо бар, деп жатышат. Алардын айтымында, Толкунбек Абдыгуловго берилген турак-жай ссудасы анын жетектөөчү саясий кызматка которулганын жана 10 жылдык тажрыйбасын эске алуу менен кечирилген.