Улуттук баш кийимди даңазалаган иш-чаралар (видео)

1009

Жыл сайын бул күнү өлкө аймагында улуттук баш кийимди даңазалаган түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп келет. Бир нече жыл мурда демилгечилер бул майрамды негиздегенде, улуттук асыл нарктардын бири болгон ак калпакты унутта калтырбай, жаштар арасында жайылтуу максаты коюлган.

Акыркы 3 жылдан бери бул кыргыздын улуттук баш кийими көбүрөк кийиле баштаганы байкалууда. Бирок ошону менен бирге анын сапаты менен түзүлүшү өзгөртүлүп жатканына кабатыр болгондор дагы бар. Бул ак калпактын келечек муунга баштапкы түрүндө жетпей калышына алып келиши ыктымал.