Улуттук баш кийимди кийүүнүн маданияты (видео)

1104

Улуттук баш кийимди кийүүнүн маданиятын жайылтуу. Бул максатта «Кийиз дүйнө» коомдук фондуcу кыргыздын улуттук баш кийимдерин чагылдырган фото-көргөзмөсүн ачты. Анда көрүүчүлөр кыргыздын улуттук баш кийимдеринин түрлөрү менен тааныша алат.

Көргөзмөдө соңку учурларда жок болуп кеткен баш кийимдердин айрым түрлөрүн да да көрүүгө болот. Сүрөттөрү менен катар баш кийимдер тууралуу кызыктуу фактылар да кошо камтылган. Көргөзмө Ала-Тоо аянтында ачык асман алдында орун алып, каалоочулар үчүн 24 саат бою жеткиликтүү.