Улуттук энергохолдингдин тагдыры жакында чечилет (видео)

690

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын» тагдыры жакында чечилет. Мекеменин ишмердүүлүгү боюнча маалымат жакынкы күндөрү Жогорку Кеңеште каралганы жатат. Буга чейин парламентте өкмөт өкүлдөрүнө, холдингди жоюп, кайрадан Энергетика министрлигин түзүү сунушу айтылып келген. Улуттук энергехолдингдин түзүлгөнүнө 3 эле жыл болду. Бул убакыт аралыгында андан пайда болбой жатканын айткандар арбын.

Мындан улам, аны жоюп салуу сунушталган. Анан да Улуттук энергохолдинг тарифтердин эсебинен, тактап айтканда, элдин колдонгон электрэнергиясынын эсебинен өзүн каржылап келген. Эми болсо мекеме жетекчилиги ишкананын чыгымдарын өз карамагындагы компаниялардан түшкөн кирешеден жабабыз, деп убада берүүдө.