Улуттук филармония толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү (видео)

1101

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы толук кандуу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Маданий жайда жүргүзүлгөн оңдоо иштери менен президент Сооронбай Жээнбеков таанышып чыкты. Филармониянын сахнасы реставрацияланып, жарык жана үн берүү жабдыктары, жылытуучу, өрт өчүрүү системалары жаңыртылган.

Белгилей кетсек, бул иштердин баары июнь айында Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйынына даярдык көрүүнүн алкагында жүрүүдө.