Улуттук Гвардияга барган окуучулар (видео)

4909

Мекенге болгон сүйүүнү арттыруу жана ага кызмат кылуу милдет экенин ынандыруу. Ушундай максат менен өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн бардык аскер бөлүктөрүндө ачык эшик күнү болду.

Борбор калаада Улуттук Гвардиянын 10 126 аскер бөлүгүндө өттү. 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата уюштурулган иш-чарага борбор калаада окуган 700дөй мектеп окуучусу катышты.