Улуттук идеология коркунучта (видео)

1014

Акыркы учурда өлкөдө болуп жаткан терс окуяларды улуу муундун өкүлдөрү улуттук идеологиянын жоктугу менен байланыштырып келишет. Ата-бабалардан калган көөнөрбөс руханий баалуулуктарды так ошол улуттук идеологиянын өзөгү катары колдонушубуз керек, дешет айрымдар. Аны келечек муунга жеткирүү ар бир жарандын милдети. Ынтымак-биримдикти чындаган, элди асыл сапаттарга үндөгөн улуттук идеологияны түзүп, алдыга карай багыт алуу зарыл. Бул үчүн намыскөй, адептүү, мекенчил, калыс, эмгекчил муунду тарбиялоо керек. Үй-бүлө тарбиянын башаты болсо, тарбия маданияттын башаты деп айтып келишет. Мында телекөрсөтүүнүн да ролу чоң.

Кыргызстанда мыйзамдар аткарылбаса, бара-бара идеология жоголуу коркунучу жаралат. «Теле берүү жана радиоуктуруу» тууралуу мыйзамды эле алалы. Бул документке ылайык, телеканалдардагы көрсөтүлгөн программалардын 50 пайыздан кем эмеси кыргыз тилинде жана жеке продукт болушу керек. Бирок бул мыйзамды уруп ойнобогон телеканалдар көбөйдү. Алар пираттык жол менен алынган программаларды көрсөтүп, жарнамадан киреше таап келишет. Анткени аларды кой-ай деген киши жок. Эмнеге Кыргызстанда мыйзамдар кабыл алынат, бирок аткарылбайт?