Улуттук кеңеш Парламент менен Өкмөттү көзөмөлдөйбү? (видео)

571

Ыйгарым укуктары боюнча Жогорку Кеңештен жана өкмөттөн жогору турган Улуттук кеңеш пайда болобу? Парламенттин 4 депутаты стратегиялык программаларды көзөмөлдөй турган жаңы кеңеш түзүүнү сунуштап жатат. Анын курамына ар тармактын өкүлдөрү кирип, алар мамлекеттик маанидеги документтердин ишке ашуусун көзөмөлдөйт экен. Программа ишке ашпай калса, аны кабыл алган депутаттар жана аткара албай калган министрлер кабинетинин жоопкерчилиги каралат.

Бирок бул демилге бир топ сын-пикирлерди жаратууда. Айрым адистердин айтымында, бул кеңештин ыйгарым укуктары өлкөнүн баш мыйзамына каршы келет. Өткөн аптада дагы дал ушундай сын айтылып, документ Жогорку Кеңештин күн тартибинен алынып салынган. Конституцияда көрсөтүлбөгөн Улуттук кеңеш канчалык мыйзамдуу?