Улуттук көчмөндөр оюндарынын эстафетасы Ош облусуна тапшырылды

1108

Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндары жыйынтыкталып, II Улуттук көчмөндөр оюндары 2021-жылы Ош облусунда өтөөрү белгилүү болду.

Биринчи республикалык деңгээлдеги көчмөндөр оюндарынын жабылышында сөз сүйлөгөн өлкө башчы Улуттук көчмөндөр оюндары кезек-кезеги менен Кыргызстандын бардык облустарында өтөөрүн айтты.

Таласта оюндар 16-21-сентябрь күндөрү болду. Талас шаарында спорттун 10 түрүнөн мелдештер уюштурулуп, маданий иш-чаралар «Манас-Ордо» комплексинде өттү.

Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы ага 300 миллион сомдон ашык каражат жумшалган. 2020-жылы көчмөндөрдүн IV дүйнөлүк оюндары Түркияда өтөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.