Улуттук көчмөндөр оюндарына даярдыктар кандай? (видео)

988

Талас областында өтүүчү Улуттук көчмөндөр оюнуна 6 миллион сом жумшалат. Бөлүнгөн каражат мелдештерди уюштуруу, спортчулардын тамак-ашы, күлүктөрдү жана улакчылардын аттарын багууга сарпталат.

Ошондой эле, 1 миллион 700 миң сом мелдештерден жеңгендерге байге катары берилет. Жалпысынан 200дөн ашуун спортчу Улуттук оюндардын 9 түрү боюнча күч сынашат. Көчмөндөр оюндары Таласта 16 — 22 сентябрга чейин өтөт. Ага даярдыктар кандай?