Улуттук көчмөндөр оюндарынын байге фонду 1 млн 740 миң сомду түзөт

1258

Таласта өтүүчү Улуттук көчмөндөр оюнуна спорттук мелдештер үчүн 6 млн сом жумшалат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин төрага орун басары Канатбек Арпачиев билдирди.

Бөлүнгөн каражат мелдештерди уюштуруу, спортчулардын тамак-ашы, күлүктөрдү жана улакчылардын аттарын багууга жумшалат. Ошондой эле, 1 млн 740 миң сому жеңгендерге байге катары берилмекчи.

200дөн ашуун спортчу улуттук оюндардын 9 түрү боюнча күч сынашат. Оюндар Талас шаарында 16 — 22 сентябрь күндөрү өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, улуттук оюндардан тышкары, “Манас Ордо” улуттук комплексинде театрлаштырылган маданий иш чаралар да өткөрүлөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.