Улуттук онкология борборунун дарыгери Дамира Байзакова каза болду

2833

Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери Дамира Байзакова кайтыш болду. Бул маалыматты ак халатчан иштеген мекемеден тастыкташты.

Ага ылайык, 62 жаштагы Дамира Байзакова коронавирустун кесепетинен пневмониянын оор формасына чалдыгып, Республикалык инфекциялык ооруканада дарыланып жаткан.

Ал мурда бир нече жыл балдар онкологиясы бөлүмүн жетектеп иштеген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.