Улуттук тарых музейи качан ачылат? (видео)

3467

Улуттук тарых музейи оңдолуп бүтө элек жатып, кайрадан ремонт талап кыла баштады. Имараттын сырткы жасалгасы четинен урап жатканы байкалууда. 3 жыл мурда эле музейди оңдоп-түзөө иштери башталып, каржылоону түркиялык уюм мойнуна алган.

Кийин музейдин ичин оңдоп-түзөө иштерин германиялык компания аткарып, алар тарабынан кымбат баалуу экспонат коюлганы коомчулукта чуу жараткан. Ал тургай, анын артынан бир топ аткаминерлерге карата кылмыш иши козголуп, алты адамга айып тагылган. Бүгүнкүгө чейин тарых музейи боюнча сот аягына чыга элек.