Улуттук тарых музейин оңдогон компанияга КРнын өкмөтү карызын төлөй элек

1204

Улуттук тарых музейи качан ачылары белгисиз. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди. Жетекчинин айтымында, буга маданий жайды камсыздоо программасынын ачкычынын жоктугу себеп болууда.

Тактап айтканда, музейди оңдоп-түзөөдөн өткөргөн немец компаниясына кыргыз өкмөтү 225 миң евро карызын төлөп бере элек. Бул маселе чечилгенден кийин, чет элдик компания камсыздоо программасынын ачкычын берсе Улуттук тарых музейи каалоочулар үчүн эшигин ачышы мүмкүн.

Эске салсак, аталган маданий жайды реконструкциялоо жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга, Жазык кодексинин коррупция беренесинин негизинде айып коюлган. Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев.

Башкы прокуратура музейди оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 102 миллион сом зыян тартканын билдирген. Ошондой эле, бул иште шектүүлөрдүн арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин да аты аталууда. Маалыматтарга караганда, шектүүлөрдүн бири ага карата каршы көрсөтмө берген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.