Улуттук тарых музейиндеги бир эле жыгач устундун баасы — 600 доллар

1537

Кайрадан 600 доллар! Бул ирээт сөз Бишкек ТЭЦине алынган кычкачтар жөнүндө эмес. Толугу менен жаңыланып жаткан Улуттук тарых музейинде көркөм инсталляция катары коюлган бир эле жыгач устундун баасы 600 доллардан экен. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн башкы музейин реконструкциялоо иштери менен таанышууга барып, көптөгөн буюмдардын баасы өтө кымбат көрсөтүлүп калганын айтышты.

Мисалы, «Барсбек инсталляциясы» деп аталган 54 жыгач устундун ар бири — 600 доллардан алынганы белгилүү болду. Ошондо, алардын жалпы баасы — 32 миң доллар же сом менен эсептегенде — 2 миллион сомдон ашкан. Мындан тышкары, ар бири 100 мин сом турган отургучтар Германиядан алыныптыр.

Ал эми 2 жыгач аттын ар бири 14 миң евро болуп чыкты. Эмеректерге 9 миллион евро жумшалган. Улуттук тарых музейинин директору экспонаттардын жана эмеректерди сатып алууга тиешелери жок экенин, жаңылоо иштерин Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги жүргүзгөнүн билдирди.