Улуу Британиянын мыкты футболчулары Бишкекте (видео)

1014

Улуу Британиянын мыкты футбол машыктыруучулары Кыргызстандын жаш спортсмендерине масстер-класс өткөрүштү. Өз убагында Англиянын беделдүү футболдук клубтарынын жана улуттук курама командасынын футболчуларына биздин жаш оюнчулар дагы өз өнөрүн көрсөтүшүп, мактоого татышты. Окутуу жалпысынан үч күнгө созулуп, анын алкагында футболисттерден тышкары жергиликтүү машыктыруучулар дагы англиялык кесиптештеринен жаңы ыкмаларды өздөштүрүүгө жетишишти. Спорттук иш-чара Улуу Британия менен Кыргызстандын дипломатиялык алакасынын 25 жылдыгына арналган.