Улуу Жибек жолуна сапар (видео)

1342

Шаркырап аккан суу, аягы көрүнбөгөн чөл, түркүн түстөгү боекторго бай, көз жоосун алган жаратылыш. Гапар Айтиеев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде «Улуу Жибек жолун» баяндаган сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда Чыгыш жана Батыш өлкөлөрүнүн маданиятын чагылдырган өзгөчө эмгектер коюлган. «Улуу Жибек жолу» мектеп окуучулары арасында ар кандай көз карашта сүрөттөлгөн. Айрымдары тарыхый жайлардан тарта, күнүмдүк тиричиликте колдонулуучу буюм-тайымдарды кагаз бетине түшүрүшсө, башкалары кызыктуу инсталляцияларды даярдашкан. Көргөзмөдө жалпысынан 500дөн ашуун эмгек коюлган.