“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” кен казуу менен алектенеби? (видео)

1514

Кыргызстанда 100 пайыз үлүшү мамлекетке таандык болгон дал ушундай аталыштагы Улуттук холдинг компаниясы пайда болду. Уставдык капиталы 100 миллион сомду түзгөн жаңы мекеме тоо-кен тармагын реформалоо багытында иш алып барат.

Мамлекеттик ири холдингге кайсы органдар кириши ыктымал жана аны ким жетектейт азырынча белгилүү боло элек. Ачык акционердик коомдун түзүүчүсү катары Финансы министрлиги чыгууда. Ал эми компаниянын жетекчилеринин арасында учурда Кумтөр ишканасын сырттан башкарып жаткан Тенгиз Бөлтүрүк да бар экени айтылууда.