Ун 200 сомго кымбаттады (видео)

1329

Бышыкчылык мезгилине карабай өлкө базарларында айрым азык-түлүктөр кымбаттай баштады. Ал эми кээ бир товарлардын наркы туруктуу болбой жатканы ишкерлерди түйшүккө салууда. Алсак, акыркы 2 айда эле Казакстандан ташылып келген ундун баасы 200 сомго өскөн. Ал эми 5 литр өсүмдүк майы 560 сомго чейин арзандаса, учурда кайра 640 сомдон сатылууда.

Базарда дүң соода кылган ишкерлердин айтымында, импорттолгон айрым азыктардан кошумча нарк салыгын алып салгандан кийин арзандоо байкалган. Бирок ишкерлерге болгон мындай жеңилдиктин мөөнөтү бир жума мурда бүткөн. Мындан улам азыктардын баалары кайра жогорулашы мүмкүн деген кооптонуулар бар. Базарда баалар кандай?