Унаа базарынын тегерегиндеги башаламандык (видео)

1471

Өлкөдөгү ири унаа базарына жакын жерлерде коопсуздук эрежелери сакталбай жатат. Дем алыш күндөрү айдоочулар унааларын жол боюндагы май куюучу жайлардын аймагына токтотушууда. Муну менен ошол жакта иштегендердин өмүрүнө коркунуч жаралууда.

Бир жагынан унаалардын ири трассанын жээгине токтотуп жатканы Бишкек — Кара-Балта жолу менен жүргөндөргө тоскоолдук жаратып келет. Май куюучу жайлардын жанына унааларын токтоткон айдоочулар муну базардын ичинде орундун жоктугу менен байланыштырышууда. Ал эми базардын жетекчилиги учурда базардын ичинде эки миңдей бош орун бар экенин айтат.