«Унаа» ишканасындагы коррупциялык схемалар (видео)

1890

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүн текшере келгенде, документтерди сатуу, унааларды мыйзамсыз каттоо жана тымызын акча бергендерди кезексиз тейлөө сыяктуу коррупциялык схемалар аныкталган. Бирок мекеменин жетекчилиги жемкорлукту жок кылууга шашылбай келет. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин эксперттик тобунун отурумунда айтылды.

Өткөн жылы «Унаа» ишканасында эки жолу текшерүү жүргүзүлүп, коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу чаралары 56 пайызга аткарылбаганы белгилүү болгон. Эми текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.