Унаа салыгын төлөбөгөн айдоочуларга рейд жүргүзүлүүдө (видео)

804

Транспорт каражаттарынын ээлери автоунаа башкарууга укук берген күбөлүк менен техпаспорттон тышкары, салык төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны да ала жүрүүсү зарыл. Бул тууралуу Салык кызматы эскертүүдө. Эми алар маал-маалы менен жол инспекторлору менен биргеликте транспорт салыгын төлөбөгөн айдоочуларды аныктоо максатында рейд жүргүзөт.

Эгер унаа ээси салык төлөгөнүн тастыктаган дүмүрчөктү көрсөтпөсө — ал 500 сом админстративдик айыпка тартылат. Белгилей кетсек, унаа салыгынан быйыл өлкө бюджетине жарым миллиард сомдон ашуун түшкөн.