Унаа сүзгөн 2 окуучунунун бири маршрутканын алдына кирип кетти (видео)

4722

Чүй областында Тойота Ленд Крузер сүзүп кеткен өспүрүм кыздардын бири комадан чыга элек. Экинчиси шок абалда. Жабырлануучулар учурда Сокулук районунун жалпы дарыгердик практика борборунда жатышат. 8-класстын окуучулары мектепке бара жатканда катуу ылдамдыкта келе жаткан жолтандабас сүзгөн.

Катуу соккудан окуучулар май куюп жаткан кичи бустун алдына кирип кеткен. Тойота Ленд Крузердин айдоочусу жабыркагандарга жардам бергендин ордуна из жашырган. Көп узабай ал кармалып, наркологиялык экспертиза анын мас экендигин көрсөткөн.