Унаа токтотуучу жайларда айдоочулар саатына төлөшөт (видео)

2207

Бишкекте унаа токтотуу жайларында акы кымбатташы мүмкүн. Учурда унааны бир күнгө коюу үчүн 20дан 50 сомго чейин алынат. Ал эми жаңы тартип ишке кирсе, айдоочулар саатына төлөй башташат. Ал үчүн ордо калаадагы жеке жана муниципалдык парковкалардын автоматташтырылган системасы түзүлүп, бирдиктүү тариф киргизилет.

Бул тууралуу Бишкек автоунаа токтотуучу жайлары муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү маалымдашты. Муну менен унаа токтотуучу жайларды мыйзамсыз иштеткендерден арылууга мүмкүн, дешет адистер.