Унаа жол боюндагы үйдүн гаражын сүзүп, кирип кетти (видео)

565

Бишкек шаарындагы кооптуу жол кесилишинде дагы бир авария болду. Бул жолу Баялинов жана Орозбеков көчөлөрүнүн бурчунда катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа жол боюндагы үйдүн гаражын сүзүп, кирип кетти. Кырсыкта эч ким жабыркаган жок. Эскерте кетсек, акыркы 20 күн ичинде аталган кесилиште бир канча жол кырсыгы катталып, 5 жолу автомашина үйлөрдүн тосмолоруна же дубалдарына барып урунган.

Ири авариялардан кийин Бишкек мэриясы жолго атайын тоскоолдуктарды орнотуп, светофор коюп берүүнү убадалаган. Бирок ал убада азырынча ишке аша элек. Жол инспекторлору ал жол кесилишинде нөөмөткө туруп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жатышканы менен жол кырсыктары токтогон жок. Жергиликтүү тургундардын айтымында, буга айдоочулардын тартипсиздиги себеп болууда.