Унаага жасалма номер таккан айдоочуларга жаза күчөтүлөт (видео)

2642

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргенден тарта унаага жасалма номер тагып айдаган 800дөй учур катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көп. Айдоочулар жол эрежесин бузган учурун жашырыш үчүн жасалма номур колдонушууда.

Мындан улам, темир тулпар ээлеринин жоопкерчилигин күчөтүп, аларга салынуучу айыптын өлчөмүн көбөйтүү сунушталып жатат. Мыйзам долбооруна ылайык, эми айып 10 миңден 30 миң сомго чейин жогорулайт.