Унаалар милдеттүү түрдө камсыздандырыла баштайт (видео)

3118

Жаңырган жылдан тарта айрым автоунаалар милдеттүү түрдө камсыздандырылышы зарыл. Эгер айдоочулар ОСАГО полисин сатып албаса, анда аларга карата жол кыймылын көзөмөлдөгөн инпекторлор айып пул салышы мүмкүн. Ага ылайык унаасын камсыздандырбаган жеке жактарга 3 миң сом, ал эми юридикалык жактар 13 миң сом төлөөгө милдеттендирилет.

Бул боюнча токтомдун долбоору жакында коомдук талкууга коюлган. Эскерте кетсек, автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндө мыйзам 2015-жылы кабыл алынып, 2016-жылы күчүнө кирмек. Бирок андан бери анын мөөнөтү улам жылдырылып келет.