Унааларын кайра каттатам дегендер узакка кезек күтүүдө (видео)

1039

Дагы бир аптага жакын убакыт! Эске салсак, өз убагында ишеним кат менен сатылган автоунааларды арзан баа менен кайра каттоо акциясы 2-июлга чейин узартылган болчу. Андан кийин бул иш-чара эски тарифтер менен жүргүзүлө баштайт. Унаа каражаттарын өздөрүнө каттатууну каалаган айдоочулардын саны абдан көп экенин эске алганда, бул акция улантылабы, азырынча белгисиз болууда. Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери бул унаа ээлери тарабынан болгон суроо-талапка жараша болоорун айтып жатышат. Андыктан алар бир апта аралыгында айдоочуларды бул жеңилдиктен пайдаланып унааларын өздөрүнө каттатып алуусун эскертишүүдө.