Унааларын каттоого келгендер узак кезекке нааразы (видео)

1360

Унааларын жеңилдетилген шартта кайрадан каттоого келгендер узак кезекке нааразы. Айдоочулар машинасын арзан каттатабыз деп, бир күн кечке күтүп жатканын айтышууда. Кишинин көптүгүнөн адистер баарын тейлегенге жетишпей жатышат. Транспорт каражаттарын каттоо департаментинин бир эле бөлүмү бир күндө 600дөн ашык айдоочуну кабыл алууда. Белгилей кетсек, «Акылдуу шаар» долбоорун киргизүүнүн алдында унааларды кайра каттоонун баасы 2-3 эсеге төмөндөтүлүп, үч айлык кампания жарыяланган.