Унаанын бажы төлөмү боюнча жеңилдик дагы узартылабы? (видео)

718

Унаанын бажы төлөмдөрү боюнча жеңилдикти дагы 3 жылга узартуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу парламентте экономика министри Санжар Муканбетов билдирди. Аткаминер учурда бул боюнча атайын жумушчу топ иштеп жатканын кошумчалады. Бирок Кыргызстан тараптын бул сунушу Евразия экономикалык комиссиясына киргизиле элек.

Эске салсак, Бажы кызматы 31-декабрда башка өлкөлөрдөн келген унааларга төлөнө турган бажы алымдарынын жеңилдетилген тарифи аяктай турганын билдирген. Мындан улам, анын баасы дээрлик 11 эсеге кымбаттаары айтылган.