Унаанын дөңгөлөгүнө атылган ок жөө жүргүнчүнүн кулагына тийди

626

Окуя Ош шаарында 23-декабрда кечки саат 18:00дө болгон. Түштүк борбордун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери  айнектери караңгылатылган, арткы номери жок «Мерседес» машинасын токтотушкан.

Бирок айдоочу аларга баш ийбей, качып жөнөгөн. Артынан кубалаган инспекторлор аны токтотууга аракет кылышканда айдоочу жолдун каршы тилкесине чыга качкан. Жол эрежесин одоно бузган айдоочуга эскертүү иретинде милиция кызматкери 2 жолу асманга ок атат. Ал буга да баш ийбеген соң милициянын лейтенанты машинанын дөңгөлөгүн мээлеп аткан. Бирок ок унаанын кузовуна тийип, кайып кетип, жол жээгинде бара жаткан адамдын кулагына тийген.

Мындан жабыркаган Ош шаарынын 57 жаштагы тургуну ооруканага жаткырылды. Учурда анын абалы канаттандырарлык экени айтылууда. Ал эми жол эрежесин бузган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал буга чейин соттолгон Ош облусунун 19 жаштагы тургуну, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган адам болуп чыкты.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.