Унаасынын терезелерин караңгылаткандарды ким жазалайт? (видео)

542

Автоунаасынын терезелери караңгылатылган айдоочулар эми жазаланбайбы? Учурда бул суроо ачык бойдон калууда. Анткени 1-январдан тарта күчүнө кирген “Бузуулар жөнүндөгү” кодекске ылайык, унаасын тонировкалап алгандарга Транспорт жана жол министрлиги чара көрүш керек. Ошол эле учурда, аталган министрликтин адистери айдоочуларды токтотууга укугу жок.

Мындан улам бул милдетти кайра Ички иштер министрлигине өткөрүп берүү аракеттери жүрүп жатат. Эскерте кетсек, жаңы эреже боюнча унаасынын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып алган жеке жактарга 3 миң, юридикалык тараптарга 13 миң сом айып салынат. Буга чейин мыйзам бузгандарга карата протоколду жол инспектору толтуруп келчү. Азыр алар айдоочуларга эскертүү берүү менен гана чектелет.