ЮНЕСКО Көк бөрүнү материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизди

963

Көкбөрү ат оюну ЮНЕСКОнун “Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине” киргизилди. Бул тууралуу бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева билдирди.

Солтонгелдиеванын айтымында, бул чечим улуттук комиссия менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, эксперттердин төрт жылдык ишмердигинин натыйжасы болду. Ошондой эле, бүгүн ЮНЕСКО Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоого алганы маалымдалды.

Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков ЮНЕСКОнун III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын колдоого алып, көкбөрүнү материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизгени бардык кыргызстандыктар үчүн чоң жетишкендик, сыймык жана жеңиш экенин белгиледи.